Ысык-Көлдө 9 килограмм баңгизат менен Чүйдүн тургуну кармалды

Ысык-Көлдө 9 килограмм баңгизат менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Чүй облусунун 46 жаштагы тургуну, убактылуу Чолпон-Ата шаарында жашап жаткан жаран аныкталган. Кылмышка шектүү жарандын жашап жүргөн үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүктөр табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат марихуана экени аныкталган. Баңгизаттын таза салмагы 9 килограмм 427 граммды түзгөн.