Ысык-Көлдө агроаптеканын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акчаны уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган

Ысык-Көлдө агроаптеканын сейфиндеги ири суммадагы акчаны уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден маалымдашты.

— 18-июль күнү Каракол ШИИБге агроаптеканын кеңсесинде орнотулган сейфтен 260 миң сом акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул билдирүү шаардык милициянын КБРне катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди карап чыгып, кылмышкерлер аптеканын короосуна кошуна үйлөрдүн чатыры аркылуу түшүп, видеокөзөмөл камераларын өчүрүшкөнүн аныкташкан.
Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында, мурда аталган кеңседе иштеп кеткен 37 жаштагы Б.А.  уурулукка шектелип «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арадан өтүп бараткан учурда кармалган.
Уурулук фактысы боюнча 205-берене (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда окуянын чоо-жайын тактоо иштери улантылууда. Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.