Ысык-Көлдө айдоочу оор жүк ташуучу унаасы менен 51 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп, качып кеткен

Ак-Суу районунда айдоочу оор жүк ташуучу унаа жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Суу РИИБге аймактык ооруканадан  жаранды белгисиз унаа сүзүп кеткенден улам аларга ар кандай жаракаттары менен түшкөндүгүн жана көп узабай каза болгондугун кабарлашкан.

Аталган маалымат Ак-Суу РИИБге катталып, Жазык кодексинин 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон журге барышкан райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Каракол-Раздольная-Сырзавод жолунун 10-чакырымында белгисиз оор жүк ташуучу унаа 51-жаштагы Үч-Кайнар айылынын тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Сотко-чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, Ак-Суу РИИБ боюнча жол тескөөчүлөрү тарабынан жол кырсыгына тиешеси бар оор жүк ташуучу Хова автоунаасынын айдоочусунун өздүгүн аныкталган. Ал Каракол шаарынын 28 жаштагы тургуну болуп чыккан жана жүргүзүлгөн алгачкы суракта жол кырсыгы боюнча күнөөсүн мойнуна алган. Учурда тергөө амалдары уланууда, автоунаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.