Ысык-Көлдө УКМКнын кызматкеримин деп акча талап кылган адам кармалды

Ысык-Көлдө өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

20-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматына Чолпон-Ата шаарында жайгашкан дарыканаларга өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5 миң сом акча талап кылып, алып кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге катталып, Кылмыш жазык кодесинин 359- беренесинин (документтердин жасалмасы) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып жүргөн 34 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалып, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камака алынып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Жогоруда кармалган адам боюнча жабырлануучулар болсо, 102, 03943 4-39-80, 0709 331 515 номурлары аркылуу байланышсаңыздар болот.