Ысык-Көлдө 6 миллион сомдон ашык акчаны алдап алып кеткен делген жаран кармалды

Ысык-Көлдө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Өткөн жылдын сентябрь айында Балыкчы ШИИБге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында, каржы пирамидасы боюнча эл ызы-чуу болуп жаткан учурда, анын ишине эки чала тааныш бала келип, эгерде милиция алардын каржы уюмунан акча каражаттарды конфискация кылышса, кардарларыңарга кайтарып бере албай каласыңар дегендиктен кассадан 6 миллион 4 миң 400 сомду аларга берип, кайра ала албай калгандыгын билдирген. Аталган факты Балыкчы шаардык милициясына катталып, алдамчылык кылмышы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Жакында шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жарандын аты-жөнү аныкталып, кармалды. Ал мурда соттолгон ИИМдин атайын каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 27 жаштагы жергиликтүү тургуну экендиги аныкталды. Анын иши прокуратурага жиберилди», — деп айтылат маалыматта.