«Өрт жакшылыкка». Ысык-Көлдө Алымкадыр Бейшеналиевдин уулунун пансионатында коттедж өрттөндү

Ысык-Көлдөгү «Париж» пансионатындагы коттедж өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, пансионат Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан. Маалыматка ылайык, алоолонгон өрт бүтүндөй имаратты каптап, толук күйүп кеткен. Ал жерде 2 бөлүм иш алып барган. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен байланышкан учурда, пансионаттын анын уулуна таандык экени маалым болду. «Ооба, пансионат менин уулумдуку. 3 коттеджи өрттөндү. Өрт чыккан жерде баары жакшы болот», — деди ал.