Ысык-Көлдө автоунаалардын тетиктерин уурдоого шектелген топ кармалды

Каракол шаарынын аймагында оор жүк ташуучу автоунаалардын тетиктерин уурдоого шектелген жарандардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

— 17-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта Каракол ШИИБге төрт жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамда оор жүк ташуучу автоунаалардан тетиктерин уурдашкандыгын билдиришкен. Уурдоо кылмышынын кесепетинен жабырлануучуларга жалпысынан 47 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган фактылар Каракол ШИИБдин электрондук журналына катталып, кылмыш жаза кодексинин 205 (уурдоо) беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Жакында аталган кылмыштарга тиешеси бар жарандар кармалды. Алар Ак-Суу районунун тургундары 34 жаштагы А.С., М.М. жана Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну У.Н. болуп чыгышты. Сурак учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн моюндарына алып, алардан далил заттар табылды.
Шаардык соттун чечими менен М.М.га карата эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынса, калган шектүүлөр үй камагына алынды.
Учурда шектүүлөрдүн башка ушундай кылмыштарга тиешестиги бар-жоктугу такталууда.