Ысык-Көлдө аялына кордук көрсөтүп келген шектүү кармалды

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ак-Суу РИИБге Теплоключенка айылынын тургуну арыз менен кайрылып, жолдошу спирт ичимдигин ичип алып, кол көтөргөнүн жана анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген. Аталган арыз райондук милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган, ошондой эле сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жолдошунан жабыр тарткан аялга карата «ден-соолугунан кыска убакытка бузуулусуна алып келген жеңил жарат алгандыгы» аныкталган. Ошондой эле, аялдын айтуусу боюнча, жолдошунан биринчи жолу эмес үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткандыгы дагы маалым болгон.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун жана жабырлануучу аялдын көрсөтмөсүнүн негизинде, Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп-сабап кыйноо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары жабырлануучу аялдын жолдошу 41-жаштагы Теплоключенка айылынын тургуну кармалды.

Шектүү жаранга карата сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча, ал Ак-Суу РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.