Ысык-Көлдө балык саткандар кармалды

4-декабрда Тоң РИИБге Тоң районуна караштуу Эшперов айылында «белгисиз адамдар мыйзамсыз балык сатып жүрөт» деген билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада Тоң районунун Ак-Сай айылынын 1983-жылы туулган тургуну өзүнө тиешелүү Ford Mondeo унаасы менен 1990-жылы туулган жаран экөө Эшперов айылынын батыш тарабында мыйзамсыз балык сатып жатканы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 55 Сига-лудога балыгы далил катары алынып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Факты Тоң РИИБге катталып, келтирилген экологиялык чыгымды аныктоо үчүн тиешелүү органга өткөрүп берилген.