Ысык-Көлдө балык уулап жаткан 21 жаштагы жаран колго түштү

Ысык-Көлдө экологиялык милициянын кызматкерлери браконьерди кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

10-август күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Түп айылынын аймагында рейддик иш-чарасын жүргүзүү учурунда, мыйзамсыз балык уулоо учурунда 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Кармалган жарандан далил зат катары үйлөмө резина кайыгы, 3 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана мыйзамсыз кармалган 19 балык, анын ичинен 17 карась жана 2 судак балыгы алынган.

Аталган факты боюнча материалдар Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, келтирилген чыгымды аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жолдомолор жөнөтүлдү. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.