Ысык-Көлдө балык уулоо менен эс алууну чечкен жаран милицияга түштү

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармаган браконьер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалымат боюнча, браконьер мыйзамсыз кармаган балыктарын үйүнө алып бара жаткан жеринен, милиция кызматкерлери тарабынан Пристань-Каракол айылчасынан кармалган. Мыйзамсыз балык уулоо үчүн ал балык торлорун колдонгон. Кармалган жарандан 69 даана «Сига-Лудога» түрүндөгү балык жана сууда сүзүчү катери алынды. Мыйзамсыз балык уулоо үчүн кармалган 41 жаштагы жергиликтүү тургунунун айтымында, ал көлдүн жээгинде жашагандыктан, оор жумуштан кийин балык уулоо менен эс алууну чечкен.

Аталган факты Каракол ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди. Тергөө амалдары уланууда.