Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 2 адамдын жансыз денеси табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп, изделип жаткан жарандардын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

14-декабрь күнү 56 жана 73 жаштагы Кажы-Сай айылынын тургундары балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жатышкан. Бүгүн, 17-декабрда издөө иштери улантуу үчүн жалпы ӨКМден 33 куткаруучу, 7 суучул жана 1 фельдшер, ИИМден 17 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган. Издөө иштердин натыйжасында саат 14:40та жарандардын жансыз денеси табылган, куткаруучулар каза болгон жарандардын денелерин жээке чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.