Ысык-Көлдө баңгизат колдонуп, жубайын ур-токмокко алууга шектүү кармалды

Баңгизат колдонуу жана сактоо фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун тургунунун арызынын негизинде баңги каражаттарды колдонуу/сактоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле жубайына карата системалуу түрдө үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү боюнча шектүүгө карата тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жашаган жана иштеген жери боюнча сот тарабынан санкцияланган тинтүү иштеринин жүрүшүндө жалпы салмагы 55 грамм болгон кочкул жашыл түстөгү зат табылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде жаран кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.