Ысык-Көлдө бир түндө 14 мас айдоочу кармалды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өздүк курамга кечки нускама өткөрүп, кызматкерлерди түнкү рейдге чыгарды.

Нускама учурунда өздүк курамдын тийиштүү күч каражаттары, боди камера, ЖПС өңдүү санарип каражаттары текшерилип, кызмат учурунда кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча ИИМдин буйрук, нускамаларын жеткирди.

Рейд учурунда облус аймагында бир түн ичинде жалпысынан 166 одоно жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган. Алардын ичинен:
— мас абалында унаа башкарган 14 айдоочу;
— ылдамдыкты ашырып айдаган 49 айдоочу;
— каршы тилкелерге чыккан 41 айдоочу;

— 29 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик иш-чара облус аймагында мындан ары да улантылат.