Ысык-Көлдө Бишкектин 55 жаштагы тургуну унаа айдап качып бараткан жеринен кармалды

Ысык-Көлдө 55 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну унаа айдап качып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

10-октябрь күнү Ысык-Көл РИИБге Бактуу-Долоноту айылынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ушул эле күнү саат 9:00 чамасында азык-түлүк дүкөнүнүн жанына токтотуп койгон Ниссан үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап качып кеткендигин билдирген. Жабырлануучунун арызы катталып, Жазык кодексинин 206-беренесинин (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери көпкө узабай кылмышка шектүү жарандын изине чыгууга үлгүрүшкөн. Кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 55 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалган. Алгачкы суракта кылмышка шектүү катары Ысык-Көл РИИБге алып келинген жаран өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Учурда тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү жаран камакка алынды.