Ысык-Көлдө бүгүн сел жүрдү. Тазалоо иштери башталды

Бүгүн, 20-сентябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Ысык-Көл районундагы алдын ала маалымат боюнча саат 12:00 чамасында кокту-колоттордон келген сел суулары Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Жерине ӨКМден 50 куткаруучу, 1 экскаватор, 1 мотопомпа, айыл аймагынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, ЖК кызматтарынан 3 экскаватор жалпы 7 техника тартылган. Мындан сырткары ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылды.

Буга чейин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн билдирген.