Ысык-Көлдө чарчап калгыча сабалган 3 жашар бала. Сот өкүмү чыкты

Өткөн жылдын май айында Ысык-Көлдө 3 жашар бала ур-токмоктон каза болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан ишке чекит коюлганын тастыкташты. Айыпталуучу Жети-Өгүз райондук сотунун 29-апрелдеги өкүмү менен күнөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган, 82-берененин негизинде 4 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп жазадан бошотулган, бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп сот залынан токтоосуз камактан бошотулган.

Иш аппеляциялык тартипте каралып, Ысык-Көл облустук сотунун 14-июлундагы өкүмү менен Жети-Өгүз райондук сотунун 29-апрелиндеги өкүмү өзгөртүлгөн. Өкүмдүн корутунду бөлүгүнөн 82-беренени колдонгон бөлүгү алып салынган. Айыпталуучу 67-беренеге ылайык эркиндигинен ажыратуу жазасын- жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсүн, 80-берененин негизинде өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун бир күндүк мөөнөттү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар деп, жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 16-майынан баштап эсептелсин деген чечим чыккан. Айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп сот залынан камакка алынды. Өкүмдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырган.