Ысык-Көлдө Чехиянын 23 жараны кар көчкү алдында калып, төртөө каза болду. Окуянын чоо-жайы

Ысык-Көлдө тоого лыжа тебүүгө чыккан 23 туристти кар көчкү басып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык 25-февраль күнү болгон. Ак-Суу РИИБге Шахты-Жыргалаң айылында 4 жаран кар көчкү алдында калып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган билдирүү РИИБге катталып, текшерүү иштери башталган. 23-февралда Чехиянын 23 жараны тоодо лыжа тебүү үчүн Ак-Суудагы мейманкага барып жайгашышкан. 25-февралда саат 09:00дө тоого чыгышкан. Тоодон түшүп келе жатышканда кар көчкү жүрүп, баарын кар басып калган. 19 адам бирин-бири чыгарып, 4 адам каза болгону аныкталган.

Каза болгондор Чехия мамлекетинин жарандары:

Алардын жансыз денелери Ысык-Көл облустук өлүкканасына жөнөтүлгөн.