Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз дале табыла элек. Аны 41 адам издеп жатат

Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөөгө 41 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 22-июлда саат 06:00 чамасында кызды издөө иштери башталган. Учурда издөө иштерин улантууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнүн башчысы, Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 6 куткаруучу, Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 4, пресс-борбордун башчысы, жергиликтүү тургундардан 10 адам, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 20 куткаруучу, кошумча Суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 41 куткаруучу тартылган.

«Издөөнүн эрежесине ылайык, алгач суу үстүнөн, жээктерден андан соң көлдун түбүнөн суучулдар издешет»,- деп айтылат маалыматта.18-июлда Ысык-Көл районунда 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткени тууралуу ӨКМ билдирген.