Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыздын жакындары «суучулдар келбей жатат» дешет. ӨКМ бул боюнча эмне дейт? (видео)

18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көлгө чөгүп кеткен кыздын жакындары айтылган суучулдар келбей жатышат деп СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалымдашты.

«Бүгүн, 4-күн болду, кызыбыз дагы деле табыла элек. Чолпон-Атадан суучулдар борборунан суучулдар келет дешкен. Алардан кабар жок. Бир кайык менен кезектешип издеп жатышат. Жергиликтүү тургундар 5 кайык менен издеп жардам кылышты. Алардын деле оокаты бар да, үйлөрүнө кетишти. Бирок номерлерин калтырып, керек учурда байланышкыла деп айтышты», — дешет жакындары.

Издөө иштеринин жүрүшү боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй маалымат берди.

-Сууга чөккөн Н.А.ны издөө иштерине жалпы 29 киши катышууда. Анын ичинен Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 суучул, 2 куткаруучу, 1 офицер. Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 суучул, 2 куткаруучу. Жакындарынан 10 адам, жергиликтүү тургундардан 6 адам иш алып барууда. Издөө иштерин Балыкчы шаардык ƟКБ башчысы У.Чомоев  жетектөөдө.

Жалпы тартылган күч каражаттар (ӨКБ-15) 1 даана АСМ унаасы, (ӨКБ-19)1 даана Газел унаасы, 1 даана моторлу кайык жана суучулдардын атайын кийген костюмдары 4 даана. Жергиликтүү тургундардан 5 даана моторлуу кайык жеринде иш алып барууда.