Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы кызды издөө иштери уланып жатат

15-июлда Ысык-Көлдөгү Ала-Көл жайлоосунда Орусиядан келген 5 жаран эс алып жатышкан. Алардын бардыгы бир үй-бүлө мүчөсү экени маалым болгон. Бирок алардын арасынан 1992-жылы туулган аял киши дайынсыз жоголуп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кыз акыркы жолу Каракол дарыясынын жанында болгон. Аны издөө үчүн бүгүн жерине 21 куткаруучу тартылган. Ал эми Ак-Суу райондук токой чарбасынан 15 кызматкер тартылган. Издөө иштери уланып жатат.