Ысык-Көлдө ДЦП менен жабыркаган 16 жаштагы кыздын зордукталып, боюна бүтүшү. Кылмышка 70 жаштагы кошунасы шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 70 жаштагы киши жашы жете элек майып кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуулуктун бешинчи айында ДЦП менен жабыркаган 16 жаштагы кыз кан агып, ооруканага түшкөн. Өспүрүмгө операция жасалган, бирок баласын сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

«Кыз кошунасын — 70 жаштагы карыяны көрсөтүп жатат. Ушул убакка чейин жабырлануучу Стамбулдун протоколу боюнча текшерүүдөн өтө элек, зордуктоо фактысы Түп районунун дарыгерлери тарабынан документтештирилген эмес. Айрым маалыматтар боюнча, ал киши өспүрүм кызга белек убада кылып, үйүнө алып барып, зордуктаган. Кылмышкер жоопко тартыла элек. Кыздын ата-энесинин да ден соолугу начар болгондуктан, эжеси жардам берип жатат», — дейт Камил Рузиев.

Кечээ, 12-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынан аталган факты катталганын, учурда тергөө жүрүп жатканын билдиришкен эле.