Ысык-Көлдө дээрлик 18 миллион сомдук айдоо жер аянты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчикке берилип кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтаруу иш аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Текшерүүдө Түп райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдору менен 3 дыйкан чарбасына жалпы 49,8 гектар айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Айдоо жер аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган. Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 17 миллион 688 миң сомго бааланган 49,8 гектар айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды.