Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 26 мас айдоочу кармалды

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 26 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Жайкы туристтик мезгилде жол коопсуздугун камсыздоо максатында, Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү тарабынан дем алыш күндөрү үзгүлтүксүз рейддик иш-чаралар ишке ашырылып келүүдө. Аталган рейддин жыйынтыктары көрсөткөндөй, айрым айдоочулар Ысык-Көлгө эс алууга сапар алган мезгилде, спирттик ичимдиктерин ичип алышууда», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, 3-4 июль, дем алыш күндөрү, жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан 133 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган, анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унааларын башкарып жаткан жеринен кармалган.