Ысык-Көлдө ээнбаштык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көлдө ээнбаштык кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

21-июль күнү Ысык-Көл РИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Арызында өзүнүн курбусу менен Бостери айылында жайгашкан эс алуу жайларынын бириндеги барды иштетерин билдирген. Болжол менен эртең мененки саат 05:30 чамаларында үч жаран барып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, бычак менен коркутушуп, андан кийин ар кандай ичимдиктерди ичишип, бардын буюмдарын жана идиш-аяктарын сындырып кетишкендиги үчүн чара көрүп берүүнү арызында көрсөтүшкөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренси (ээнбаштык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кылмышка шектүү жарандардын өздүктөрүн аныкташып, аларды колго түшүрүштү. Кылмышка шектүүлөр ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турушкан Бостери айылынын 28, 27 жана 21 жаштагы тургундары болгон.