Ысык-Көлдө эки жигит көлгө чөгүп кеткен. Жансыз денелери өлүкканага өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айыл аймагындагы «Аалам Ордо» комплексинин аймагындагы көлгө 2 адам чөгүп кетти. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Окуя боюнча милицияга 16-июль күнү саат 20:40 чамасында кайрылышып, 2 адам көлгө чөгүп кеткенин айтышкан. Жерине Тоң РИИБ менен ӨКБ кызматкерлери барышып, Барскоон айылынын 2006 жана 2000-жылы туулган жарандары чөгүп кеткенин аныкташкан.

2006-жылы туулган жарандын жансыз денесин эс алып жүргөндөр чыгарышкан. Ал эми 2000-жылы туулган жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан чыгарылган. Жансыз денелер Тоң райондук өлүкканага өткөрүп берилген.