Ысык-Көлдө эки салыкчынын мушташы биринин өлүмү менен аяктады

Ысык-Көлдө эки кесиптештин мас абалында жолугушуусу алардын биринин өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

6-сентябрь күнү саат 03:10 чамасында милицияга райондук аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну курсагынан учтуу нерсе менен жаракат алып түшкөндүгүн жана жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгондугу маалымдалган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жиберилген. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, ушул эле күнү түнкү саат 01:00 чамасында Бактуу-Долоноту айылында 35 жаштагы жергиликтүү тургун кесиптеши 34 жаштагы Ананьево айылынын тургуну менен кезигишип, спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган.

Спирт ичимдиктерин ичүү учурунда алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, анын кесепетинен бычак менен кесиптешин бир нече жолу курсак тушуна сайып жиберген. Андан кийин жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон. Аталган факты Ысык-Көл РИИБге катталып, ден соолукка оор залал келтирүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү болуп кармалган жаран алгачкы суракта толугу менен күнөөсүн мойнуна алып, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, алар салык кызматынын кызматкерлери болгон.