Ысык-Көлдө эки күндө унаасын мас абалында башкарып жүргөн 7 айдоочу аныкталды

Жайкы туристтик мезгилде жол коопсуздугун сактоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагында дем алыш күндөрү атайын рейд өткөрүлдү. 26-27 июнь күндөрүнүн аралыгында Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү курорттук-эс алуу жайларынын негизги бөлүгү жайгашкан калктуу пункттарда иш жүргүзүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Эки күндүк иш чарада 72 жол эрежелеринин талаптарынын бузуу фактылары аныкталган, анын ичинен 7 айдоочу мас абалында унааларын башкарып жүрүшкөн. Тилекке каршы, мас айдоочулардын арасында аялзатынын өкүлдөрү да жок эмес. Атайын төлөнүүчү жайга 12 автоунаа токтотулду», — деди Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов.

Мекемеден белгилешкендей, ар бир жол кыймылынын катышуучусунун кыраакылыгы жалпы жол коопсуздуктун ачкычы болуп саналат. Эгерде, жол эрежесинин бузулгандыгына күбө болсо, кайдыгер болбой, дароо жакынкы милицияга кабарлоо туура чечим болот. Жооптуу жарандык позиция, жолдордогу жол кырсыктарынын алдын алууга, демек, алардын орду толгус кесепеттерин арылтууга мүмкүн.