Ысык-Көлдө эки өспүрүм кыз атасынын көз алдында жан берди (видео)

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, эки өспүрүм кыз жан берди. Бул тууралуу журналисттерге ИИМге караштуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-май күнү саат 15:20 чамасында Каракол шаарынын 1974-жылы туулган тургуну Эстима унаасы менен жолдогу бордюрду сүзгөн. Айдоочунун айтымында, кызы түшүрүп алган семичкени алып берем деп, алаксып калган. Кырсыктын кесепетинен анын 2015 жана 2020-жылы туулган кыздары алган жараатынан оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Ал эми айдоочу жана 2 өспүрүм ооруканага жеткирилген.