Ысык-Көлдө эки унаа сүзүшүп, 3 адам көз жумду (сүрөт)

Ысык-Көлдө эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 3 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-июнь күнү Жети-Өгүз районунун Дархан айылында саат 04:30 чамасында, Балыкчы-Кызыл-Суу-Каракол унаа жолунун 178-чакырымында BMW 525 жана AUDI C4 үлгүлөрүндөгү уналардын кагылышуусу катталган. Окуя болгон жерге Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам көз жумуп, 2 адам ооруканага жеткирилген.