Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-апрель күнү саат 14:15 чамасында Ысык-Көл районунун Балыкчы-Каракол унаа жолунун 115-чакырымында Хонда Одиссей менен Митсубиси унаалары сүзүшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, Тез жардам кызматы менен биргелекте биринчи жардам көрсөтүшкөн. Жол кырсыгынан жалпы 6 жаран майда жаракат алган. Каза болгондор катталган эмес.