Ысык-Көлдө эки унаа сүзүшүп, 6 адам жаракат алды

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 17-декабрда саат 16:20 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 3-чакырымында катталган. Анда Toуota Ipsum жана жүк ташуучу Mercedes-Benz Sprinter үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаган.

Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарууга жардам беришкен. Жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Ак-Суу райондук ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталып жатат.