Ысык-Көлдө эки унаа сүзүшүп, айдоочулар ооруканага жеткирилди (видео)

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы Ысык-Көлдө катталган жол кырсык тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 19-июль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 58-чакырымында катталган. Фольксваген Пассат унаасы жолдун каршы тилкесине чыгып, Равон Нексия унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен эки унаанын айдоочулары ооруканага жеткирилген. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.