Ысык-Көлдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция атын тактоого жардам сурайт

Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, жансыз дене 16-декабрда Семеновка менен Ананьево айылдарынын ортосунда Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда табылган.

Белгилери: бою 175-180 сантиметр, болжолдуу 50-60 жашта, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийими: күрөң түстөгү айымдардын пальтосу, кара шым, ак рубашка.

Кимде ким сүрөттөгү жаранды тааныса, 0709203087, 0394343980 номурларына кайрылсаңыздар болот.