Ысык-Көлдө эс алуучу жайдын ашпозчусу сабалган. Шектүүлөр кармалды

Чок-Тал айылында кафенин ашпозчусу сабалган. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, 13-августка караган түнү белгисиз үч адам бычак менен коркутуп, «Солнышко» пансионатынын аймагындагы «Медуза» кафесинин ашпозчусун сабап салышкан.

Жабыркаган 20 жаштагы Чүй облусунун тургуну облустук аймактык ооруканага жаткырылган. Арыз каттоого алынып кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 21, 22, 24 жаштагы жарандар кармалып, камакка алынган.