Көк-Мойнок — Кубакы унаа жолунун 1-чакырымында оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, бир киши каза болгон.
Транспорт министрлиги берген болжолдуу маалыматтарга караганда, транспорттун токтотуучу (тормозной) системасы иштен чыгып, айдоочу жолдогу парапеттерди сүзүп, өрттөнүп кеткен.
Жеринде аймакты караган №955 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары, ӨКМ, жол инспекторлору ыкчам аракеттерди көрүп, тилсиз жоо өчүрүлгөн.