Ысык-Көлдө ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып бара жаткан унаа сайга кулап, бир адам көз жумду

Кырчын тилкесинде ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып бара жаткан КамАЗ сайга кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 4 эркек киши жабыркады. Жерине ӨКМдин Тоң райондук №38 өрт куткаруу бөлүгүнүн авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу тартылып, жеринде каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар менчик унаа менен ооруканага жеткирилген.