Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 24-июлдан бери 2000-жылы туулган Кытай жараны Ала-Көл жайлоосунун «Сирота» аталышындагы аймагына чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына бул тууралуу маалымат 18-август күнү түшкөн.
Издөө ишине ӨКМдин кызматкерлери ошол күндөн тарта чыгып, бүгүн аталган жаранды издөө ишине саат 05:00дө 5 куткаруучу тартылды. 22 жаштагы Кытай жараны Бишкек шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти.