Ысык-Көлдө жанаша жайгашкан маркеттердин биринен өрт чыкты

Бүгүн, 6-октябрга караган түнү саат 3:18де Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында “жанаша жайгашкан кичи маркеттердин бири күйүп жатат” деген маалымат ӨКМге түшүп, ал жерге саат 3:19да биринчи күжүрмөн эсеп чыгып кеткен.

Тилсиз жоонун аянты чоң болгондуктан, саат 3:45те 1, андан соң, резервдеги дагы 1 күжүрмөн эсеп чыккан. Өрттүн жайылганына байланыштуу саат 4:12де Караколдон 2, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жеринде иштеп жатат.

Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү боюнча иштери жүрүп жатат. 28 куткаруучу, 3 офицер иш алып барууда. Өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда, бактыга жараша жабыркагандар жок. 2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 чарчы метрлик аянтты кучагына алган.