Ысык-Көлдө жарандын үйүнөн 5 килограммдан ашуун “марихуана” табылды

5 килограмм 190 грамм “марихуана” аныкталып, алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 20-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы даректердин биринен 5 килограмм 190 грамм “марихуана” табылган.

Азыркы учурда тергөө жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.