Ысык-Көлдө жаранга бычак такап, малын жүктөп кеткен шектүү кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургунду опузалап талап кылууга шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Февраль айынын аягында милицияга жергиликтүү тургун кылмыш дүйнөсүнүн адамдары тарабынан опузалап талап кылуу фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Өткөн жылдын күз айларында курамына мурда соттолгон жарандар кирген топ айыл тургунунун сарайына коркутуу менен келип кетишкен. Алынган маалыматка караганда, жогорудагы шектүү жарандар акча жана мүлк талап кылып, алардын бири бычак менен коркуткан. Кылмышкерлер айыл тургунун коркутуп, опузалап атын тартып алышкан. Алар малды унаага жүктөп, өздөрү менен алып кетип калышкан. Айылдын жашоочусунун негизги булагы мал болгондуктан, опузачылар өздөрүнүн аракеттери менен ага ири өлчөмдө зыян келтиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалды. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган 1987-жылы туулган жаран мурда бир нече жолу соттолгон. Ал өзүм билемдик, каракчылык, бейбаштык, ден соолукка оор залал келтирүү фактылары боюнча соттолгон. Аталган жаран мурда жасаган мыйзамсыз жосундары үчүн соттолгон деп да эсептелип, пробация органдарында жазасын өтөп жатканы белгилүү болгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.