Ысык-Көлдө жасалма чек көрсөтүп, дүкөн ээлерин алдаган шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдө жасалма чек көрсөтүп, дүкөн ээлерин алдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

20-январда Ысык-Көл РИИБге Бостери айылынын жана Чолпон-Ата шаарынын тургундарынан окшош мазмундагы үч арыз түшкөн. Алар өз дүкөндөрүнө белгисиз адамдар келип, соода кылып, мобилдик банк тиркемеси аркылуу жасалма чек көрсөтүп, аларды алдап кеткенин билдиришкен. Жабырлануучуларга жалпы 11 406 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

«Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, Токмок шаарынын тургуну, мурда уурулук үчүн соттолгон 2006-жылы туулган Э.Э. жана Ысык-Көл районунун тургуну, 2006-жылы туулган И.Х. кармалган. Шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.