Ысык-Көлдө жер титиреди

Кечээ, 24-октябрда саат 21:57 чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын күчү Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз, Ырдык, Подгорное айылдарында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.