Бүгүн, 31-майда болжол менен саат 00:08 чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын күчү Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга, Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.