Ысык-Көлдө жигиттерди сабап, унаа тартып алган жарандар унааны ээси кайрып алуу үчүн акча талап кылышкан

Караколдо белгисиз жарандар 2 жигит жашаган үйгө кирип, тоноп, сабап, акча опузалашкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

6-сентябрь күнү милицияга облустук ооруканадан 1994 жана 1992-жылы туулган жергиликтүү тургундар денесинен алган жаракаттары менен түшкөнү тууралуу маалымат айтылган. Териштирүү жүргүзгөн учурда жабырлануучулар жашаган батирине белгисиз үч адам кирип сабап, күч колдонуу менен Хонор 8, Редми ноут 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун, акча каражатын жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынын ачкычын ээлеп алгандыгын аныкташкан. Аларды кайтарып алыш үчүн 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жабырлануучулардан кийинки күнү опузалаганы да маалым болгон.

Аталган факты Каракол ШИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 3 жаран кармалган. Шектүүлөр алгачкы суракта күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөргө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Тергөө амалдары уланууда.