Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталды. Каза болгондор бар

Бүгүн, 24-июнь күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол автоунаа жолунун 26,100-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

«Кырсыктын кесепетинен адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген. Факты Ысык-Көл РИИБге катталып, учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордо 4 киши каза болгону айтылып жатат.