Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркаганы айтылууда

Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу соцтармакта жарыяланды.

Анда жазылган маалыматка караганда, маршруттук такси жеңил унааны келип сүзүп, аңтарылып калган. Жабыркаган 3 кишини «Тез жардам» алып кеткен.