Тоң районунун аймагында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Такталган маалымат боюнча Тоң районунун Ак-Сай айылын аралап өтүүчү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 83-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Катталган кырсыктын кесепетинен 5 эркек жана 1 аял ар кандай жаракат алышкан. Жабыркагандарды «Тез жардам» кызматы Тоң райондук ооруканага алып кетишкен.