Ысык-Көлдө жол кырсыгында эки кичинекей кыз жана алардын апасы каза болду

Кечээ, 12-июнда саат 11:30 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда эки жеңил унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен эки кичинекей кыз жана алардын апасы каза болду. Бул тууралуу кырсыкка күбө болгондор билдиришти.

Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаанын 1987-жылы туулган айдоочусу жолдун боюна токтоп, эгин талаадагы сууну караганы чыккан. Унаада жубайы жана эки кызы калган. Бул убакта тез ылдамдыкта келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 1987-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четинде токтоп турган жеңил унааны артынан сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаанын 1988-жылы туулган жүргүнчүсү, анын 2017-жылы жана 2020-жылы туулган кыздары каза болгон. Аялдын 2015-жылы туулган уулу Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилген. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен 1985-жылы туулган жүргүнчүсү да Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилген. Тергөө иштери уланып жатат.