Кечээ, 29-мартта болжол менен саат 18:26 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 194-чакырымындагы жол кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тилекмат айылында Honda-Avancier жана BMW-525 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, унаада кыпчылып калган 1986-жылы туулган эркек кишини чыгарышкан. Ал эми жабыркаган дагы 2 эркек кишинин аты-жөнү такталып жатат. “ӨКМдин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин «Тез жардам» кызматы облустук ооруканага алып кеткен. Абалы туруктуу”, — деп айтылат маалыматта.